Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 1
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы №2197 Кылыз - Кыя, № 2198 Бүргөндү, №2199 Жаңы - Арык, № 2200 Жеңиш, № 2201 Ношкен жана № 2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия курамын бекитүү жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ф. Джумабекованын участкалык шайлоо комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү Борбордук Шайлоо комиссиясынын Ноокен аймактык шайлоо комиссиясындагы атайын өкүлү М. Маматовдун 2020-жылдын 22-январындагы № 01-05/01 сандуу катындагы маалыматты угуп жана талкуулап, Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2020-жылдын 21-январындагы № 02-15/82 сандуу каты жана Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынын 2020-жылдын 22-январындагы № 01-05/01 сандуу каты эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы №2197 Кылыз - Кыя, № 2198 Бүргөндү, №2199 Жаңы - Арык, № 2200 Жеңиш, № 2201 Ношкен жана № 2401 Ак-Бата шайлоо участкаларынын комиссия мүчөлөрү тиркемеге ылайык жана “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын 2019-жылдын 5-ноябрындагы № 121 Мыйзамына ылайык участкалык шайлоо комиссияларынын курамы 5 (беш) жылдык мөөнөткө бекитилсин.
3. Жогоруда белгиленген участкалык шайлоо комиссияларынын курамын мыйзамга ылайык бекитип берүү жагы Ноокен аймактык шайлоо комиссиясынан суралсын.
1. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айылдык кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р. Сейталиевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|