Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 2
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 10-февралындагы №01-16/128 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 10-февралындагы №01-16/128 сандуу кайрылуусу жана кепилдик каты эске алынсын.
2. 2020-жылга “Таза-Суу” долбоорун ишке ашыруу үчүн бөлүнгөн каражаттын эсебинен АРИСтин аймактарды өнүктүрүү долбоорунун алкагында алынып келинип жаткан “ХОВА” техникасынын 25% депозити же 500 000 (жеш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу, аталган техниканын документтери, жалпы сметалык баасын жана колдонулушун көзөмөлгө алуу, “Намаздык-Ата” жайыт бирикмеси менен өткөрүп берүү, өткөрүп алуу актыларын, эки тараптуу келишимдерин түзүп тиркөө жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|