Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 3
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 19-А. Казаков атындагы орто мектебинин футболдук аянтына көрүүчүлөр трибунасын куруу зарылдыгы жөнүндөгү 2020-жылдын 12-февралындагы №01-16/145 сандуу кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 12-февралындагы №01-16/145 сандуу кайрылуусу эске алынсын.
2. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун № 19-А. Казаков атындагы орто мектебинин футболдук аянтына көрүүчүлөр трибунасын куруу, долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу жөнүндөгү кайрылуусу 2020-жылга карата бюджетке бекитүүгө приоритеттүү деп табылсын.
3. № 19-А. Казаков атындагы орто мектебинин футболдук аянтына көрүүчүлөр трибунасын куруу, долбоорун даярдоо жана ишке ашыруу максатында аталган долбоордун 5% депозити үчүн 255 000 (эки жүз эдүү беш миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
4. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|