Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 4
«Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун кайрылуусун кароо жөнүндө»
Бүргөндү айыл өкмөтүнүн Кыпчак-Талаа айылынын тургуну Жакыпбек кызы Венеранын ден –соолугун чыңдоо максатында жазган А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 17-февралындагы №01-16/168 сандуу сунушун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 17-февралындагы №01-16/168 сандуу сунушу эске алынсын.
2. 2-топтогу майып Жакыпбек кызы Венеранын жамбаш сөөгүнө операция жасатууга көмөк көрсөтүү максатында 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. 2-топтогу майып Жакыпбек кызы Венеранын абалынан кабар алып туруу жагы Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко айылдык кеңештин депутаты К. Калбековко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бүргөндү айылдык кенешинин финансы бюджет, ишкердүүлүктү, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С. Маматаевке жүктөлсүн.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|