Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 5
«Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020 -жылдын март - апрель айларында өткөрүлүүчү эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча кайрылуусу жөнүндө»
Айыл өкмөттүн аймагында эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатына жазган А. Сатыкуловдун катын угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 17-февралындагы № 01-16/167 сандуу каты эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы № 690 сандуу токтомун жетекчилике алып Бүргөндү айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган жана жайгашкан жергиликтүү тургундарга каттоо жүргүзүү максатында каттоо жүргүзүп жаткан каттоочулардын чыгымдары камсыздалсын.
3. Аталган каттоону жүргүзүүгө көмөктөшүү максатында Айыл өкмөттүн аймагындагы тийиштүү мекеме иш-каналар толугу менен тартылсын.
4. Каттоочуларга көмөк көрсөтүү максатында 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
5. Жогоруда айтылган акча каражаты менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн финансы жана экономика бөлүмүнүн башчысы М. Осмоновко милдеттендирилсин.
6. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтка жарыялансын.
7. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|