Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы №6
«Айыл өкмөтүнүн аймагындагы № 32 М.Т. Дүйшембиев орто мектебинин чатырын алмашытрууга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»
№ 32 М. Т. Дүйшембиев орто мектебинин директору К. Асырановдун, Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 19- февралындагы № 01-16/170 сандуу аталган мектептин чатырын алмаштыруу зарылдыгы боюнча жазган кайрылуусун жана чатырын алмаштырууга керектелүүчү эсептик тизмесин угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. № 32 М. Т. Дүйшембиев орто мектебинин директору К. Асырановдун 2020-жылдын 19-февралындагы кайрылуусу Бүргөндү айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун 2020-жылдын 19- февралындагы № 01-16/170 сандуу каты эске алынсын.
2. Аталган мектептин чатырын алмаштырууга эсептик тизмеде көрсөтүлгөн каражатты эске алып 300 000 (үч жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|