Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы №7
«Кызыл-Кыя айылындагы көпүрөнү ремонттоо жөнүндө»
Айыл өкмөттүн Кызыл-Кыя айылындагы Майлуу-Суу сайына курулган, эки айылдын элин жана автоунаасын тейлеген, учурда авариялык абалда турган көпүрөнү ремонттоо зарылдыгы тууралуу айыл тургундарынын жазган кайрылуусун угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловдун, Кызыл-Кыя айылынын тургундарынын жамааттык кайрылуусу эске алынсын.
2. Аталган көпүрөнү ремонттоого 2020-жылга өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу максатында бөлүнгөн каражаттын эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражатын мыйзамдуу пайдалануу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Сатыкуловко милдеттендирилсин.
4. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтка жарыялансын.
5. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы С. Маматаевке милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|