Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 19-февралы № 8
«Айыл өкмөтүнүн аймагындагы жат көрүнүш, ысырап керчилик, жаш балдарга карата ырайымсыз мамилелер, той - аштардагы ашыкча чыгымдарды иретке келтирүү жөнүндө»
Айылдык кеңештин төрагасы З. Арстанбековдун айыл өкмөттүн аймагында болуп жаткан иштер боюнча кеңири токтолгон билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бүргѳндү айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXX- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы З. Арстанбековдун коомчулукта болуп жаткан иштер боюнча кеңири токтолуп өткөн билдирүүсү эске алынсын.
2. Айыл өкмөт башчысына:
- Айыл өкмөттүн аймагындагы спирттик ичимдиктерди сатып жаткан дүкөндөрүн тиешелүү документтерин көзөмөлгө алуу;
- 18 жашка чейинки жаш өспүрүмдөргө спирттик ичимдиктерди сатууга, тойканаларда жаш өспүрүмдөрдүн кечелерди уюштуруусуна тыюу салууну;
- Айыл өкмөттүн аймагындагы чоочун адамдарга көзөмөлдүк кылуу жана жеринде өздүгүн аныктоо;
- Билим берүү мекемелеринде ата-энелер чогулуштарын тез-тез өткөрүп, балдардын коопсуздугуна кам көрүү, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
- Жер-жерлерде, мечиттерде коомчулуктагы болуп жаткан жат көрүнүштөр, балдарга карата ырайымсыз мамилелер, той –аштардагы жана маркумду акыркы сапарга узатуудагы ашыкча чыгымдарды иретке келтирүү, кур намыска алдырбоо жана эл арасындагы туура эмес диний агымдарга кошулуп кетүүсүнүн алдын алуу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ар бир айылдык кеңештин депутаты айылдарды, билим берүү мекемелеринде, коомдук жайларда жана той-аштарда, маркумду акыркы сапарга узатуу аземинде Жогоруда айтылган маселелер боюнча маалымат берип, эл өкүлү катары түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууга чакырамын.
4. Учурдагы замандын талабына ылайык тиешелүү чараларды көрүү жана уюштуруу иштерин тез арада жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Бул токтом массалык маалымат каражаттарына же расмий сайтка жарыялансын.
6. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳ Айылдык кеңештин Финансы, бюджет, ишкердүүлүк, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, социалдык, саламаттыкты сакттоо, депутаттык иш жана этика жана мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияларынын төрагалары С. Маматаев, К. Калбеков, А. Абдиев жана Р. Сейталиевтерге милдеттендирилсин.
Бүргөндү айылдык кеңешинин төрагасы: | З.Арстанбеков |
|