Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 5-марты № 22/8
Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык мүлк жана курулуш бөлүмүнө убактылуу оператор штатын кармоого макулдук берүү жөнүндө.
Жогорудагы маселе боюнча Кербен шаарынын мэринин 21.02.2020-жылдагы № 3-34/135 сандуу кайрылуусун жана шаардык Кеӊештин бюджет,финансы,пландоо жана арыз даттануулар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 25-февралындагы № 69 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кербен шаарындагы идентификацияланган үй жандыктарын мамлекеттик реестрге киргизүү боюнча Кербен шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик жана курулуш бөлүмүнө 1 жылдык мөөнөт менен 1 (бир) штат бирдигин киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Бул убактылуу берилип жаткан штат бирдигинин мыйзамдуулугу боюнча жоопкерчилик Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевге жүктөлсүн.
3. Кербен шаардык Кеӊешинин 18.12.2019-жылдагы кезексиз жыйырма биринчи сессиясынын 21/3 токтомунун 2-пункту жокко чыгарылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жана жагы шаардык Кеӊештин финансы , бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновго тапшырылсын
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы | Н.Шадыбеков |
|