Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020–жылдын 5-марты № 22/9
Кербен шаары менен Жерге-Тал айыл аймагынын ортосундагы такталган 0,46 га жайыт жерди баланска алуу жөнүндө
Кербен шаар мэриясынын № 78 19.02.2018ж. Айыл чарба министрлигине жолдогон кайрылуусунун негизинде атайын түзүлгөн комиссиянын 29.03.2018-ж. АКТысына ылайык, Жерге-тал айыл аймагы менен Кербен шаарынын ортосунда тактоо жүргүзүүнүн жыйынтыгында № 560; 562 контурда 0,46га жер Кербен шаарына тиешелүү болуп аныкталгандыгы тууралуу Кербен шаардык Кеӊешинин суу ресурстары, муниципалдык мүлк жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2-март 2020-жылдагы № 13 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги жыйырма экинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. № 560; 562 контурдагы 0,46 га жайыт жер аянты мэриянын балансына алынсын.
2. Кербен шаарынын мэри жер боюнча статистикалык отчётторго тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасынын орун басары Н.Айтмырзаевга жүктөлсүн.
Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы | Н.Шадыбеков |
|