Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры № 1
Республикалык бюджеттен кошумча берилген 306,1 миң сом акча каражатын бөлүштүрүү жана бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айыл кеңешинин XXI сессиясы.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1) Республикалык бюджеттен кошумча берилген 306,1(үч жүз алты миң бир жүз) сом акча каражаты Жыгач-Коргон айылында курулуп жаткан балдар бакчасынын курулушу учун бөлүнсүн жана бюджеттик классификацияга ылайык 70911 бөлүмүнүн 31112290 беренесине чыгымдалсын.
2) Бюджеттин кирешелерине жана чыгашаларына өзгөртүү киргизүү боюнча планга тактоо киргизүү КРнын ФМнин Сузак башкармалыгынан суралсын.
3) Токтомдун аткарылышы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Жолдошевага жана бюджеттик комиссияга милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |
|