Редакцияот 19.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 Ленин айылдык кеңешинин ХХI сессиясы

 

2019-жылдын 19-декабры № 19

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айыл кеңешинин XXI сессиясы.

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин Сузак райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Ленин айыл өкмөтүнүн ортосунда“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө” мыйзамынын негизинде түзүлгөн келишими бекитилсин.

2.    Токтомдун аткарылышын жана ишке ашырууну көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы

М.Кеңешбаев