Редакцияот 19.12.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

2019-жылдын 19-декабры № 4

Ленин айыл аймагынын Айылдык Кеңешин каттоо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “ Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Ленин айылдык Кеңешинин Регламентин талкуулоонун негизинде Ленин айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    “Ленин айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме).Мекеменин толук фирмалык аталышы:

Мамлекеттик тилде: “ Ленин айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси.

Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кеңеш Ленинского айылного аймака”

2.    Мекеменин юридикалык дараги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Сузак району, Ленин айылы, К.Маматов көчөсү №3.

3.    Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

 

Ленин айылдык кеңешинин төрагасы

М.Кеңешбаев