Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы № 1
Сузак районунун прокуратурасынын №11/1-26-20 08.01.2020-жылдагы жана №3-11/2-5д-20 28.01.2020-жылдагы сунуштары жөнүндө
Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча Сузак районунун прокуратурасынын №11/1-26-20 08.01.2020-жылдагы жана №3-11/2-5д-20 28.01.2020-жылдагы сунуш каттарын окуп берип депутаттарга тааныштырды.
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттар Кеңешбаев М., А. Токтаев жана А. Тойчуев чыгып сүйлөшүштү.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеп турган же ээлеген адамдарын кирешелерин, чыгымдарын, милдеттерин жана мүлкүн декларациялоо жөнүндө” Мыйзамына ылайык айылдык Кеңештин бардык депутаттарына 2020-жылдын 1-мартына чейин декларацияларын Сузак райондук салык инспекциясына тапшыруу милдеттендирилсин
2. Ленин айылдык кеңешин юридикалык жак катары Жалал-Абад областынын юстиция башкармалыгынан каттоодон ушул жылдын 25-февралына чейин өткөрүү жагы айылдык Кеңештин катчысы К.Курманалиевке тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |
|