Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы №4/1
Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1-январь 2020-жылга расчеттук счеттогу калдык (атайын каражат менен бирге) акча каражатынын калдыгын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ленин айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 1-январь 2020-жылга расчеттук счетто калган калдык 1521,0 миң сом төмөндөгү жумуштарды аткарууга бөлүнсүн:
1) Жыгач-Коргон айылында курулуп жаткан бала бакчанын котельныйынын сметасын түзүүгө сметчиктин кызматы үчүн 20,0 (жыйырма) миң сом;
2) Ленин айыл аймагындагы ийри мүйүздүү малдарды идентификациядан өткөрүүгө оператордун кызматы үчүн-24,0 (жыйырма төрт) миң сом;
3) Даталуу күндөргө, майрамдарга баннерлерди жасатууга-19,6 (он тогуз миң алты жүз) сом;
4) Жыгач-Коргон айылындагы бала бакчасынын курулушуна-7,4(жети миң төрт жүз) сом;
5) Ленин айылындагы ветеринардык уруктандыруу пунктун коргондоого-92,3 (токсон эки миң үч жүз) сом;
6) Айыл өкмөтүнүн имаратындагы коомдук алдын алуу борборунун ремонтуна-44,6 (кырк төрт миң алты жүз) сом;
7) Ленин аймагынын талаа жолдоруна труба коюуу, шагыл төшөө-50,0 (элүү миң) сом;
8) Турмуш-тиричилик чарбасы үчүн чарба буюмдарын сатып алууга-14,6 (он төрт миң алты жүз) сом;
9) №36 кесиптик-техникалык окуу жайынын тосмо плиталарын жылдырууга -43,0 (кырк үч миң) сом;
10) Ветеринария-жылкыларды идентификациядан өткөрүүгө станок жасоого -20,0 (жыйырма миң) сом;
11) Ветеринардык уруктандыруу пунктун коргондоого-54,5 (элүү төрт миң беш жүз) сом;
12) Ветеринардык уруктандыруу пунктуна финский үй курууга айыл өкмөтүнүн салымы 100,0 (жуз миң) сом;
13) Жыгач-Коргон айылынын көчөлөрүнө жарыктандыруу курууга-250,0 (эки жүз элүү миң) сом;
14) Орто-Сай айылынын борбордук көчөсүнө жарыктандыруу куруу-200,0 (эки жүз миң) сом;
15) №23 ГСВнын капиталдык ремонтуна (сан-техникалык жумуштар, кабыл алуу бөлмөсүнүн терезелерин пластикке алмаштыруу)-150,0 (бир жүз элүү миң) сом;
16) Жыгач-Коргон ФАПтын имаратынын ичине таза суу киргизүүгө (кудук казуу ж.б. жумуштар) 100,0 (жуз миң) сом;
17) Ленин айылынын айыл өкмөтүнүн жанындагы таза суу скважинасынын ремонтуна-36,5 (отуз алты миң беш жүз) сом;
18) Жаны жылды тосууга-42,9 (кырк эки миң тогуз жүз) сом;
19) Маданият үйүнө жана Жыгач-Коргон клубга керектүү буюмдарды алуу (сахнага материалдар, килем ж.б.)-35,4 (отуз беш миң төрт жүз) сом;
20) Орто-Сай айылындагы балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна-200,0 (эки жүз миң) сом;
21) “Байчечекей” балдар бакчасына учурдагы чарбалык буюмдарды сатып алуу (пост.белье)-16,2 (он алты миң эки жүз) сом;
2. Атайын каражаттын калдыгы 216 сом төмөнкү беренелерге чыгымдалсын:
1) 70911-бала бакча бөлүмүнүн 2218-беренеси тамак-аш сатып алууга 120 (бир жүз жыйырма) сом;
2) 70111-бөлүмүнүн 2215-беренесинен эс алуу паркынын ар кандай жумуштарын жасоого 96 (токсон алты)сом бөлүнүп берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы финансы-экономика бөлүмүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айылдык Кеңештин бюджеттик комиссиясына жүктөлсүн.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |
|