Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы № 6
Жыгач-Коргон айылындагы мүрзөлөрдү кеңейтүү максатында кошумча жер тилкелерин бөлүп берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги алтынчы маселе боюнча билдирүүнү жер адис Жолдошев К. жасады.
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттар Мураталиев Б., Тойчуев А., Арзыматов З. жана Джелчемышев У. чыгып сүйлөшүштү.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыгач-Коргон айылынын түштүк тарабындагы мүрзөгө №336 контурдагы 0,41 га, түндүк тарабындагы мүрзөгө №127 контурдагы 2,77 га жер тилкелери мүрзөнү кеңейтүү максатында бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомдун бир нускасы жер тилкелерин айыл чарбасына жарактуу жерден мүрзөнүн жерине трансформациялап берүү үчүн Сузак райондук мамлекеттик администрациясына берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновко тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |
|