Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы № 7
Айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги жетинчи маселе боюнча Ленин айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын берүү үчүн төмөндөгү атуулдарга сунуш берди:
Ленин айылынын тургундары - Курманалиев Кочкоралиге, Мадумаров Саибджанга, Жыгач-Коргон айылынын тургундары Абдырахманов Абылкасымга, Атабаев Максатбекке.
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттар Тойчуев А., Мураталиев Б., Кеңешбаев М. жана Арзыматов З. чыгып сүйлөшүштү.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын тургундары Курманалиев Кочкоралиге, Абдырахманов Абылкасымга, Атабаев Максатбеке жана Мадумаров Саибджандарга Ленин айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |
|