Загрузка документа…
ЛЕНИН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 04-февралы №8
Турак жай курууга чек бөлүп берүүгө 68,0 га жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө
Күн тартибиндеги сегизинчи маселе боюнча билдирүүнү жер маселелери боюнча башкы адис Жолдошев К. жасады. Бүгүнкү күндөрү айыл аймактын аймагында жашагандардын 1000 (бир миң) ге жакын жарантурак-жай салууга чек алууга муктаждар деди.
Ал №185, №186 контурлардагы – 50,0 га жана №178 контурдагы – 18,0 га жер тилкелерин турак курууга бөлүп берүүнү сунуштады.
Күн тартибиндеги маселе боюнча депутаттар Мураталиев Б., Арзыматов З., Токтаев А. жана Джелчемышев У. чыгып сүйлөшүштү.
Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап Ленин айылдык Кеңешинин XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыгач-Коргон айылындагы №185, №186 контурдагы – 50,0 га, №178 контурдагы – 18,0 га бардыгы болуп 68,0 га жер тилкесин турак жай категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Б.Токтосуновко жана жер адис Жолдошев К. тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Ленин айылдык кеңешинин төрагасы | М.Кеңешбаев |
|