Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-марты № 3
Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жаӊы курулган жер астынан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын
5-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 16.01.2020-жылдагы чыг.№04-09/105- каттарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Ленин жана Н.Айтматова көчөлөрүнүн кесилишине жаӊы курулган сметалык баасы 21 632 135 сомду түзгөн жер астынан жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктү Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга уруксат берилсин.
2. Муниципалдык менчиктеги мүлктү кабыл алууда мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |