ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
VIIIчакырылыш кезектеги XXI сессия
2020-жылдын 9-марты № 5
Жалал-Абад шаарынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкарамалыктагы маданият үйүн оперативдүү башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын
19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 07.02.2020-жылдагы чыг.№04-09/344-сандуу катын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыктагы маданият үйү Т.Тайгараев атындагы аймактык башкармалыгына оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Маданият үйдү оперативдүү башкарууга өткөрүп берүүдө мыйзам талаптарын сактоо жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Б.Джусупбеков) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |