Загрузка документа…
ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2020-жылдын 9-мартындагы № 6
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын 29.06.2015-ж. кезектеги XXIV сессиясынын №4-токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Ченемдик-укуктук актылар жөнүндө» мыйзамынын 17-беренесин негиз кылып, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Т.Тайгараев атындагы аймактык башкаруусунун 29.01.2020-жылдагы чыг.№13-сандуу катты шаардык кеңешинин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI чакырылышынын 29.06.2015-жылдагы кезектеги XXIV сессиясынын №4-токтомунун 1-пунктундагы "Кызыл-Суу” деген сөз "Кызыл-Суу -2” деген сөз менен алмаштырылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын мэриясына кабыл алынган токтомдун негизинде иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (С.Чимбердиев) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |