Редакцияот 09.03.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 VIIIчакырылыш кезектеги XXI сессия

 

2020-жылдын 9-марты № 8

Жалал-Абад шаарынын Энергетик көчөсүндөгү 2726,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкеси жөнүндө

Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 16.12.2019-жылдагы чыг.№04-09/3445- сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXI сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Жалал-Абад шаарынын Энергетик көчөсүндөгү 2726,0 чарчы метр муниципалдык жер тилкесине көп кабаттуу турак-жай курууга уруксат берилсин.

2.    Курула турган көп кабаттуу турак-жайдын толук биринчи кабаты үй-бүлөлүк дарыгерлер мекемесине жана намазканага бөлүп берүү шарты менен чарчы метрин көп берген конкурустун катышуучулары менен мыйзам чегинде иш алып баруу жагы жүргүзүлсүн.

3.    Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик башкармалыгына (Б.Джусупбеков) кабыл алынган токтомдун негизинде мыйзамдын талаптарын сактоо менен бирге иш жүргүзүү жагы жүктөлсүн.

4.    Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адиси (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин. 

5.    Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

6.    Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.

 

Төрага

А.Джолдошев