ЖАЛАЛАБАД ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
VIIIчакырылыш кезектеги XXI сессия
2020-жылдын 9-марты № 10
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI-чакырылышынын 27.04.2016-жылдагы кезектеги XXXIII-сессиясынын №1-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын "Ченемдик укуктук актылар жөнүндөгү” мыйзамынын 10-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 26.02.2020-жылдагы чыг.№06-5/192-сандуу катынын негизинде жана депутаттардын сунуштарын эске алып, депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин VI-чакырылышынын 27.04.2016-жылдагы кезектеги XXXIII-сессиясынын №1-токтому жокко чыгарылсын.
2. Т.Тайгараев атындагы аймактык башармалыктагы 0,86 га жер тилкеси боюнча мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынына (Б.Джусупбеков) жүктөлсүн.
3. Ушул токтомду массалык маалымат каражаттарында жарыялап, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин башкы адисине (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
Төрага | А.Джолдошев |