Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-декабры №21-1
Сметага өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 19-декабрындагы КРнын Финансы Министрлигинин республикалык бюджетинен жетишпестиктерди жабуу үчүн келген 200,0 (эки жүз миң) сом акча каражатын чыгымдоону жергиликтүү бюджетке киргизүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен республикалык бюджетинен жетишпестиктерди жабуу үчүн келген 200 (эки жүз миң ) сом акча каражатынан 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты Р 70111 бөлүмүнүн 31123230 статьясы боюнча жумшалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен келген акча каражатынын калган 170,0 (бир жүз жетимиш миң) сом акча каражаты Р 70921 бөлүмүнүн 31123290 статьясы боюнча А.Эрматов атындагы орто мектептин жана Кызыл-Капчыгай орто мектептерине жылытуу системасына конвектор сатып алууга,Боспиек орто мектебине пластик терезелерди сатып алууга жумшалсын.
3. Бала-бакчалардан үнөмдөлгөн 49,0 (кырк тогуз миң) сом акча каражатынын 25,0 (жыйырма беш миң) сом акча каражаты айыл өкмөт кеңсесине кондиционер сатып алуу үчүн Р 70111 бөлүмүнүн 31123220 статьясынан жана калган 24,0 (жыйырма төрт миң) сом акча каражаты А.Эрматов орто мектебине конвектор сатып алуу үчүн Р 70921 бөлүмүнүн 31123220 статьясынан чыгымдалсын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен көчөлөрдү жарыктандыруу үчүн келген акча каражатынан үнөмдөлгөн 14,678 (он төрт миң алты жүз жетимиш сегиз) сом акча каражаты прожектор сатып алуу үчүн Р 70629 бөлүмүнүн 22221200 статьясынан чыгымдалсын.
5. Көрсотүлгөн акча каражаттарды сметага ылайык максаттуу чыгымдоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Бүркүтбаев Кеңешбекке жүктолсүн.
Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
К.Шакыев |