Редакцияот 10.01.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

 Аксы районунун Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XХII cессиясы

 

2020-жылдын 10-январы № 22-1

Келишимди бекитүү жөнүндө

Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын жана айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү “ келишимди бекитип берүү сунушун карап жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-беренесине ылайык сессия токтом кылат:

1. Аксы райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү “ келишим жактырылсын.

2.Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл өкмөттүн башчысына жүктөлсүн.

3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Момуновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

К.Шакыев