Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы № 23-1
Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылга карата аткарылышын, 2020-жылга долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 3-февралдагы корутундусун угуп жана талкуулап,сессия токтом кылат:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагыпландан сырткары алымча кошумча уведомлениелер менен кабыл алынып, “канааттандырарлык” деп бекитилсин.
2. 2020-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 3852,9 миң(үч миллион сегиз жүз элүү эки миң тогуз жүз) сом,теңдөөчү грант 7233,0 миң (жети миллион эки жүз отуз үч миң) сом,ата-энелер төлөмү 1044,0 (бир миллион кырк төрт миң) сом кошулуп,жалпысы:12 130,2 (он эки миллион бир жүз отуз миң эки жүз) сом эсебинде бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдагы чыгаша бөлүгү 6,7,8,9,10,11-тиркемелерге ылайык 12130,2 миң (он эки миллион бир жүз отуз миң эки жүз) сом эсебинде бекитилсин.
4. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2020-жылга 2021-2022-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесинин 4-бөлүмүнө жана 12-беренесинин 3-бөлүмүнө негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга,коммуналдык чыгымдарга,калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшоо жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна жумшоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5. Жергиликтүү бюджетти үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрүнүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесинин негизинде жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 1%га чейинки же болбосо 120,0 (жүз жыйырма миң) сом эсебинде айыл өкмөттүн резервдик фондусу түзүлсүн.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесинин негизинде калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 150,0 (жүз элүү миң) сом,Жерге-Тал айылына курулуучу бала бакчанын өздүк салымына 2 000,0 (эки миллион) сом,Боспиек орто мектебине ажааткана курууга 400,0 миң (төрт жүз миң),айыл аймагындагы бардык соц.объектилерге өрт өчүрүүчү шаймандарды сатып алууга 54,6 (элүү төрт миң алты жүз сом бекитилсин.
8. Жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууну кабыл алынган пландарга ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевга жүктөлсүн.
9. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Н.Багышбековага милдеттендирилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржымаселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.\
Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасы | К.Шакыев |