Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы №23-3
Эгин талааларын дейди жүргөн малдардан кайтаруу жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын айыл аймагындагы эгин талааларын дейди жүргөн малдан кайтаруу жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия токтом кылат:
1. Айыл аймагындагы мал жандыктар жайлоого 1-майга чейин айдап чыгарылсын жана 1-октябрдан кийин айдап келинсин.
2. Ар бир айылдын эгин талаалары боюнча элдик чогулуштардын негизинде карагулдар дайындалсын.
3. Дайындалган карагулдардын акысы элдик чогулуштарда бекитилсин.
4. Эгин талааларын майкандоо боюнча айып пулдар төмөндөгүдөй болупкөрсөтүлсүн.
Кара малдарга- 50 сом,кайталанган учурда 100 сом.
Жылкыларга - 100 сом.кайталанган учурда 300 сом
Майда жандыктарга- ар башына 10 сом
5. Камактын ээсине мал ээсинен алынган айып пулдун үчтөн бир бөлүгү төлөнсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзам жана укук комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | К.Шакыев |