Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 11-февралы №23-4
Ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн орточо баасын бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл аймагынын ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн мүчөсү Жээнкулов Суеркулдун Аксы райондук жеке ветеринарлардын Ассоциациясынын башчысы К.Т.Сыябаевдин 2020-жылга карата калкка ветеринардык кызмат көрсөтүүнү орточо баасы боюнча көрсөтмөсүнө ылайык 2020-жылга ветеринардык кызмат көрсөтүүлөрдүн орточо баасын бекитип берүү сунушун угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл аймагындагы калктын менчигиндеги мал жандыктарга ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн орточо баалары төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Мал доктурду чакыруу -40 сом
Вакцинация
-1баш кара мал- 40-50 сом
- 1 баш майда жандык-10 сом
- 1 баш үй канаттуусу-5 сом
Диагностика
-Кан алуу -50-100 сом
- Патматериал-50-100 сом
-Копрология-30-80 сом
Хирургия,акушерства
-Кара мал жана жылкы туутка жардам берүү 1000-2000 сом
Майда жандыктарга 100-200 сом
-Чөп алуу,дарылоо 1жолкуга 800-1500 сом
-Оору малды дарылоо,мүнөзүнө жараша кара малга 500-1000 сом
Майда жандыктарга 200-500 сом
-Кастрация (бычуу) майда жандыктарга 30-50-сом
-кара малдарга кесерово жасоо 2000-3000 сом
Иттерди көзөмөлдөө
-Иттин байлануусун көзөмөлдөө-40 сом
-кутурмага эмдөө -50 сом
-таблетка берүү -20 сом (дегельментация)
-чумага эмдөө -50 сом
Дарылоо
-кан тамырга тамчылатуу -150-200 сом
-этке сайуу -25 сом
-териге сайуу -20 сом
Тактама берүү
-кара малга,жылкыга-30 сом
-майда жандыктарга-15 сом
-жайыттарга тактама берүү -5 сом ири малдарга, 1 сом майда жандыктарга.
-кара малды идентификациясы боюнча бирдиктүү базага киргизүү жана чыгаруу-50 сом
2.Белгиленген баалардын негизинде гана иш алып баруу жагы айыл аймагынын бардык мал доктурларына жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасы | К.Шакыев |