Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13- марты № 12
Токтогул шаарынын Таласбай кичи районундагы 1,0 га жер аянты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө”мыйзамдарына, “Жер Кодексинин” талаптарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону” бекитүү жөнүндөгү 2011-жылдын 23-сентябры № 571 токтомуна ылайык, Токтогул шаарынын Таласбай кичи районундагы 1,0 га жер аянты боюнча депутаттардын ар кандай сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токтогул шаарынын Таласбай, Ак Жон кичи райондорунда жылдан жылга жашоочуларынын саны өсүп жаткандыгы эске алынсын.
2. Аталган кичи райондордо жашоочуларга ыңгайлуу шарт түзүү, инфраструктурасын жакшыртуу, жергиликтүү маанидеги маселелерин өз деңгээлинде чечүү аткаруу органынын приоритеттүү багыты жана учурдун талабы экендиги баса белгиленсин.
3. Агы ылайык, Таласбай кичирайонундагы 1,0 га жер аянты социалдык объекттер үчүн гана калтырылсын, жеке жана юридикалык жактарга башка максат, багыттарга бөлүнүп берилбесин.
4. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Болгонбеков), муниципалдык менчиктеги жерге менчик жана ижара укугун берүүчү комиссияга (К.Жумалиев) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципалдык менчик жана курулуш иштери боюнча туруктуу комиссияга (М.Калмурзаев) тапшырылсын.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
7. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |