Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 13
А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы аттракционду сатууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамдарына ылайык, Токтогул шаарынын А.Козубеков атындагы Эс алуу багындагы аттракцион көп жылдардан бери колдонулбай, айрым бөлүктөрү сынып, учурда оңдоп-түзөөгө болбой турган абалда тургандыктан, Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбеков аны сатуу боюнча 10.03.2020-жылы № 01-34/178 сунуш берген. Ага ылайык 2020-жылдын 10-мартында Токтогул шаардык кеңешинин муниципалдык менчик, бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссияларынын мүчөлөрү жана башка депутаттар маселени жеринде барып көрүп келип, учурда бул аттракциондун эскилиги жетип, эс алуучулар, жаш балдар үчүн кулап кетүү коркунуч жаратып жаткандыгын эске алып, аны сатууга макулдук берүү боюнча чечим кабыл алышкан.
Жыйынтыгында биргелешкен туруктуу комиссиялардын чечимин жана башка сунуштарды угуп, талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. А.Козубеков атындагы Эс алуу багынын ичиндеги аттракционду сатуу боюнча туруктуу комиссиялардын чечими колдоого алынгандыгы белгиленсин.
2. Аттракционду сатуу боюнча жарыялар берилсин, сатуу баасы алдын ала шаардык кеңеш менен макулдашылсын.
3. Сатуудан түшкөн каражат жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебине кириштелсин.
4. Токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине милдеттендирилсин (Б.Болгонбеков).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга тапшырылсын (К.Дербишев).
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
7. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга тапшырылсын (С.Наралиевага).
8. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |