Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 13-марты № 15
07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 06 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына, “Бюджеттик Кодекстин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэри Б.Т.Болгонбековдун 10.03.2020-жылдагы чыгыш № 01-34/177 сунушу “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 07.02.2020-жылдагы № 06 токтомуна өзгөртүү киргизүү жана тендер өткөрүүдөн үнөмдөлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу айрым өзгөртүүлөр менен жактырылгандыгы белгиленсин.
2. Корутундуга ылайык, мемориалдык доска куруу боюнча тендер өткөрүүнүн жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатынын эсебинен 297,0 миң сом акча каражаты төмөндөгү багытта чыгымдалсын:
- Статья 2215 - 200,0 миң сом – өзгөчө кырдаал үчүн (короновирустун алдын алууга);
- Статья 2215 -50,0 миң сом – өзгөчө кырдаалдар үчүн (табигый кырсык, өрт коопсуздугу ж.б.);
- Статья 2215 – 27,0 миң сом – эл каттоого, баннерлерди жасатууга (санариптештирүү ж.б);
- Статья 3112- 20,0 миң сом – Т.Ормонбеков атындагы мектеп-лицейинин ашканасына керектүү идиш-аяк алууга;
3. Жогорудагы токтомдун 5-тиркемесине төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктундагы 2213 статья “2215 статьясы” менен алмаштырылсын;
38-пункту “Мэрияга жаңы имарат курууга (Бөкөнбаев көчөсүндө)” деген сөз менен алмаштырылсын;
54-пунктундагы “Жашылдандыруу көрктөндүрүү иштерине (Бөкөнбаев көчөсү)” каралган 400,0 миң сом акча каражаты 3113 статьясынан кыскартылып, бул каражат 29-пунктундагы муниципалдык тапшырык иштери боюнча кошумча чыгымдалсын.
4. Токтогул райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан которулган 500,0 сом акча каражаты “Ыңгайлуу шарт” муниципалдык ишканасынын гаражын курууга жумшалсын.
5. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Т.Болгонбеков) жүктөлсүн.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
10. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |