Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28- марты № 17
07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамына, Токтогул райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким, Жарандык коргонуунун башчысы Т.Жайыловдун Токтогул районунда өзгөчө кырдаал киргизүү боюнча 22.03.2020-жылдагы №46 буйругунун негизинде, Токтогул шаарында коронавирус инфекциясынын (COVID-19) жайылып кетишинин алдын алуу, келип чыгуу тобокелдигин максималдуу азайтуу, адамдардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, ага карата ыкчам чараларды көрүү жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Болгонбековдун 23.03.2020-жылдагы №01-34/213 сунушун “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясы менен бирге карап жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жогорудагылардын негизинде, 07.02.2020-жылдагы кезектеги XX сессиянын № 10 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча туруктуу комиссиянын чечими эске алынсын.
2. Ага ылайык, жыл башында бекитилген акча каражаттарын кыскартуу жана аны чыгымдоо ушул токтомдун Тиркемесине (Таблица 1,2) ылайык жүргүзүлсүн.
3. Тиркемеде көрсөтүлгөн акча каражатын өз багытында пайдаланууну камсыздоо максатында атайын комиссия түзүлсүн.
4. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысына (Н.Кулузакова) тапшырылсын.
5. Бул токтомду жалпысынан аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине жүктөлсүн (Б.Т.Болгонбеков).
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Бюджет, экономика, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит жана инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясына (К.Дербишев) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg веб-сайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |
Токтогул шаардык кеңешинин
XXVIII чакырылышынын
28.03.2020-жылдагы кезексиз
XXII сессиясынын № 17 токтомуна
Тиркеме
07.02.2020-жылдагы № 10 токтомдун 5-Тиркемесинен кыскатылуучу акча каражаттары боюнча маалымат
Таблица 1
№ | Статьясы | Мазмуну | Сумма (миң сом) |
1 | 3111 | ОсОО “Имран-Али” (кредитордук карыз, 50-пункт ) | 640,3 |
2 | 3111 | Проект институту (кредитордук карыз, 50-пункт) | 665,8 |
3 | 3111 | Кичи футбол аянтчасын капиталдык оңдоо (44-пункт) | 1500,0 |
4 | 2215 | Жол сызыктарын чийдирүүгө (33-пункт) | 300,0 |
|
| Жалпы: | 3106,1 |
Кыскартуудан алынган акча каржаттарын чыгымдоо багыттары
Таблица 2
№ | Ста тьясы | Каражатты колдонуу багыты | Сумма (миң сом) |
1 | 2214 | Бензин (1 т) | 40,0 |
2 | 2214 | Солярка (3 т) | 126,0 |
3 | 2215 | Хлор (гипохлорид кальция) менен дезинфекциялоо иштерине (анын ичинде “Суу канал” сунушу менен ичүүчү сууга) | 200,0 |
4 | 2215 | Чарбалык товарлар (унааларды токтотуучу пост уюштуруу, обсервацияга алынгандарга шарт түзүү үчүн) | 15,0 |
5 | 2215 | Антисептик каражаттары үчүн | 8,2 |
6 | 2215 | Шаарга кирүүчү ички жолдорду жабуу (шагыл) | 40,4 |
7 | 2215 | Дезинфекция иштерин жүргүзүү кызматына ( көп кабат үйлөрдүн кире бериштерин, лестницаларын) | 20,0 |
8 | 2222 | Хлор чачуучу шаймандар менен камсыздоо (бочка, хлор чачкыч) | 14,9 |
9 | 2223 | Өзгөчө кырдаал учурундагы иштер үчүн атайын кийимдер, респиратор, маска ж.б менен камсыздоо үчүн | 180,0 |
10 | 2511 | Суу башатын куралдуу кайтарууга алуу үчүн “Суу канал” ишканасына субсидия (апрель-июнь, 3 айга) | 105,0 |
11 |
| Өзгөчө кырдаал (резервдик сумма) | 2356,6 |