Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 28 марты № 18
Туруктуу комиссиялардын төрагаларын шайлоо, алардын курамдарына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтомдоруна ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин айрым туруктуу комиссияларынын төрагаларын шайлоо жана алардын курамдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө депутаттардын сунуш-пикирлерин угуп жана талкуулап Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз XXII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Ата-Журт” Мекенчил” фракциясынын депутаттары Жамгырбек кызы Кундуз, Касымов Алмаз Рахматиллаевич, КСДП фракциясынын депутаты Исаков Максат Муктарбекович өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын токтотушкандыгы эске алынсын.
2. Бош калган депутаттык мандатка ээ болгон, “Ата-Журт” Мекенчил” фракциясынын төмөндөгү депутаттары:
1) Жапаров Элдияр Назарович “Билим берүү, медицина, маданият, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, жумушсуздук, коомдук уюмдар, санитардык абал боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
2) Курбанов Мухиддин Кабылахунович “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын курамына кошулсун.
3. “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын депутаты Дербишев Кубанычбек “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиянын төрагасы болуп шайлансын.
4. Бош калган депутаттык мандатка ээ болгон, КСДП фракциясынын депутаты, Тойчубеков Урмат Кадырбекович “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, мамлекеттик стандарт, экологияны коргоо, мыйзамдуулукту чындоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп шайлансын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg сайтына жайгаштыруу жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |