Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 6-августу № 7
Мырзабаев көчөсүнө таза суу тартуу үчүн курулуш материалдарын сатып алуу жөнүндө
Терек-Сай айылдык аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнүн тургундарынын айылга таза суу тартуу максатында диаметри 35 мм болгон узундугу 40 метр полиэтилендик суу түтүкчө алуу жөнүндөү кайрылуусун угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү VIIсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Терек-Сай айыл аймагына караштуу Мырзабаев көчөсүнө таза суу тартуу үчүн диаметри 35 мм болгон узундугу 40 метр политэтилендик түтүкчө алуу үчүн 10000 (он миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кенешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |