Загрузка документа…
ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 2-апрели № 6
Терек-Сай айыл аймагына санарип теле берүүсүн оңдоо, ремонттоо жумуштары үчүн айлык маянаны чечип берүү жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагына санарип теле берүүсүн оңдоо, ремонт иштерин жүргүзүү жумуштары атайын адистин жоктугуна байланыштуу жумуштар убагында бүтпөй жаткандыктан, жер адис И.Смановго кошумча милдет катары жүктөө менен, айлык маянасын чечип берүү зарылдыгы жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын башчысы Б.С.Ашырбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XVсессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Санарип теле берүүсүн оңдоо , ремонт иштерин жүргүзүү зарылчылыгына байланыштуу жер адис И.Смановго кошумча милдет катары жүктөө менен, айлык маянасын 5000 (беш миң) сом өлчөмүндө белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айылдык аймагынын ФЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн.
3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык Кенешинин төрагасы |
Ажакматов И.К. |