Загрузка документа…
САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 14-февралы № 1
Сакалды айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,”Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” 2011-жылдын 15-июлундагы №101 Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесинин 2-б негиз Сакалды айылдык кеӊешинин XXVII чакырылышынын кезектеги XXV сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Сакалды айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысы А.Турганбаеванын маалыматы эске алынсын.
2. Сакалды айыл өкмөтүнүн 2019-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Сакалды айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Юсуповага милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы | Д.Бекназаров |