Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-майы № 7/2
Достук айылындагы “Акурча” жаңы конушун электр жарыгы менен камсыздоо жөнүндө
Достук айылындагы “Акурча” жаңы конушуна электр жарыгын жеткирүү үчүн керектелүүчү трасформатор жана столбаларды орнотууга, электр чубалгыларын тартууга жергиликтүү бюджеттен керектүү акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү Ала-Бука айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ала-Бука айылдык кеңешинин XXVI чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Достук айылындагы “Акурча” жаңы конушуна электр жарыгын жеткирүү үчүн жергиликтүү бюджеттин 3111 беренесинен 1 000 000 (бир) миллион сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу айыл өкмөтүнүн башчысы С.Койчумбаевге жүктөлсүн.
3. Токтом Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ала-Бука айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы | М.Мамырбеков |