Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 7
Достук айылынын жаңы чек участкасына наам берүү жөнүндө
Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын жаңы чек участкасына Бекташев Жумабай ата наамын берүү максатында Ж.Бекташев сунушун колдоо боюнча ,ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кенештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу Достук айылынын жаңы чек участкасына “Бекташев Жумабай ата ” наамы берилсин.
2.Токтомдогу наам берилген көчөнүн тазалыгын, санитардык абалын,көрктөндүрүү,көчөгө жарыткычттарды орнотуу, үйлөргө номер илүү жана көзөмөлдөө Ж.Бекташевтердин үй-бүлөсүнө милдендерилсин.
3.Токтомду көзөмөлдөө жагы айыл башчыга жана айылдык кеңештин соц. маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Сузак айылдык Кеңешинин төрагасы | Хакимов Ж. |