Загрузка документа…
СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 27-декабры № 14
Жерлерди бир категорияданбашка категорияга которуу(трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 31-октябрындагы “Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга(трансформациялоого) маратория киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын күчүнө киргенге чейин жеке турак үйлөр курулуп калган жерлер Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун ыйгарым укуктуу органдын же алардын укук мурастоочусу Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун тийиштуу органдарынын чечимдери бар болгон сугат айдоо жерлеринин жер участокторун которунун (трансформациялоонун) убактылуу тартибин бекитүү туралуу № 512 токтомуна ылайык Сузак айыл өкмөтүнүн айыл чарбасынын сугат айдоодогу 56,5 га жер аянттарын калктуу конуштун категориясына которуу боюнча Жалал- Абад областынын администрациясынын 24.11.2008 –жылкы № 258 сандуу токтомуна,Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 05.11.2007 жылкы № 129 токтомуна, ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кенештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Сузак айыл өкмөтүнүн № 1000 контурундагы 8,5 га, № 786 контурундагы 5,0 га,№ 348 контурундагы 15,0 га, № 435 контурундагы 4,0 га, № 617 контурундагы 4,0 га ,№ 280 контурундагы 3,0 га, № 298 контурундагы 2,0 га, № 908 контурундагы 15,0 га жалпысы болуп 56,5 га айыл чарбасынын сугат айдоодогу жер аянттарына турак жай курулуп калгандыгына байланыштуу айыл чарбасынын сугат айдоо категориясынан калктуу конуштар категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Сузак айыл өкмөтүнүн жогоруудагы 8(сегиз) контурунда жайгашкан 56,5 га айыл чарбасынан сугат айдоодогу жер аянттарын айыл чарбасынын сугат айдоо категориясынан калктуу конуштар категориясына которууга токтомду бекитип берүүнү Сузак райондук мамлекеттик администрациясынан суралсын.
2. Токтомду аткарылышы Сузак айыл өкмөтүнө милдетендерилисин.
Сузак айылдык Кеңешинин төрагасы | Хакимов Ж. |