Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-марты № 01-5/221
Кочкор-Ата шаарынын Эл башысы Ж.Курбаналиевдин кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы, белгилүү болгондой Кыргыз Республикасында « корона-вирус » COVID-19 илдети катталып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, шаарыбызда 120 (бир жүз жыйырма) аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана тоголок жетим балдарга 1 кап ун (50 кг) жана 5 литр май менен көмөк көрсөтүү боюнча Эл башы Ж.Курбаналиевдин жазган кайрылуусун жана Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин « Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча » туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын « Жер-гиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө » мыйзамын, Кыргыз Республикасынын « Бюджеттик Кодексин » жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаарынын Эл башысы Ж.Курбаналиевдин кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3.Алына турган азык-түлүктөргө шаар мэриясы тарабынан түзүлүүчү комиссия курамына, шаардык Кеңештин « Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча » жана « Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча » туруктуу комиссияларынын төрагалары кошулсун.
4.Шаар аймагында жашаган 120 (бир жүз жыйырма) жакыр үй-бүлөнүн жана тоголок жетим балдардын тизмесин тактап, ар биринин үйүнө 1 кап ун (50 кг) жана 5 литр май жеткирип берүү комиссия курамына жүктөлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу үчүн, шаар мэриясынын социалдык бөлүмүнө каралган акча каражатынан, керектелүүчү акча каражатын бөлүп берүү шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т. Абдурахманов |