Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-марты № 01-5/222
2020-жылдын 1-февралынын №01-5/207 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХIV сессиясы, шаар мэриясынын 2020-жылдын 22-мартындагы №01-5/222 сандуу катын, 2020-жылдын 1-февралынын №01-5/207 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жыл башында калган калдыгынын эсебинен курулуш иштерине бөлүнгөн 9 998 742 (тогуз миллион тогуз жүз токсон сегиз миң жети жүз кырк эки ) сом акча каражатынан 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражатын « коронавирус » илдетинин таралуусуна байланыштуу, калктын коопсуздугу үчүн өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатына кошумча кошуп берүүнү, Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы- экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун, Кыргыз Республикасынын « Бюджеттик Кодексин » жана « Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамдарын жетекчиликке алып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кочкор-Ата шаар мэриясынын 2020-жылдын 22-мартындагы №01-5/222 сандуу каты канааттандырылсын.
2.Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
3.2020-жылдын 1-февралынын №01-5/207 токтомуна өзгөртүлөрдүү жана толуктоолорду киргизүү боюнча жыл башында калган калдыгынын эсебинен курулуш иштерине бөлүнгөн 9 998 742 (тогуз миллион тогуз жүз токсон сегиз миң жети жүз кырк эки ) сом акча каржатынан 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты, өзгөчө кырдаалдарга каралган акча каражатына кошумча бөлүнүп берилсин.
4.Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин “Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |