Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-марты № 01-5/223
Өзгөчө абал шарттарындагы коомчулуктун коопсуздугу үчүн калкты тейлөө пункттарынын иштөө режимин чектөө жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХIVсессиясы, 2020-жылдын 21-мартындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу, коомчулуктун коопсуздугун алдын алуу үчүн, калкты тейлөө соода борборлорунун, соода түйүндөрүнүн жана башка калкты тейлөө пунктарынын иштөө режимин чектөө боюнча шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Шаардык Кеңештин «Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча» туруктуу комиссиясынын берген корутундусу эске алынсын.
2.2020-жылдын 21-мартындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, коомчулуктун коопсуздугу үчүн шаарыбызда калкты тейлөө соода борборлорунун, соода түйүндөрүнүн жана башка калкты тейлөө пункттары убактылуу жабылсын. Азык–түлүк дүкөндөрү базар баасын көтөрбөстөн, күнүмдүк иштөө режиминин убактысын кечки саат 22:00 гө чейин, өзгөчө кырдаал алынганга чейин белгиленсин.
3.Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык Кеңештин депутаттарына, шаардын мэриясынын аппаратына, шаардык милиция бөлүмүнө (ШМБ), Эл башы, квартал жетекчилерине, ыктыярдуу тобуна жүктөлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде киргизилген өзгөчө абалга байланыштуу, коомчулуктун ички коопсуздугун алдын алуу үчүн шаарга кирүү жана чыгуу жолдоруна блок-посттор коюлсун, шаарга кирүү жана чыгуу жолдорунда жүргөн автоунаалар иретке келтирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин
« Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча » туруктуу комиссиясына жана мэр А.Т.Жумаевге жүктөлсүн.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |