Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-марты № 01-5/225
Өзгөчө кырдаалга байланыштуу, шаарыбызды кошумча суу менен камсыз кылуу жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХIVсессиясы, бүгүнкү күндөгү « коронавирус » илдетинин кооптуулугунун абалына карата, киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, шаарыбызды кошумча түшкү саат 12-00дон 14-00го чейин суу менен камсыз кылууну, депутат Абдуразаков Нургазы Абдуразаковичтин сунушун угуп жана талкулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин депутаты Абдуразаков Нургазы Абдуразаковичтин сунушу эске алынсын.
2. 2020-жылдын 21-мартындагы Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин сунушу боюнча, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечиминин негизинде киргизилген өзгөчө кырдаалга байланыштуу, калкты кошумча түшкү саат 12-00дон 14-00го чейин суу менен камсыз кылууну, « Кыргызнефтегаз » ААКнун суу башкармалыгынын башчысы К.Абдразаковго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана «Кыргызнефтегаз» ААКнун башкармалыгынын башчысы Р.Бостоновго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |