Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-марты № 01-5/22
Өзгөчө кырдаалга байланыштуу кайрымдуулук фондун түзүү жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХIVсессиясы, бүгүнкү күндөгү « коронавирус » илдетинин кооптуу-лугунун абалына карата, шаар тургундарынын коопсуздугун алдын алуу жана шаар тургундарына керектелүүчү жардамдарды жеткирүү үчүн, өзгөчө кырдаалга байланыштуу, шаардын мэри А.Т.Жумаевдин сунушун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Кочкор-Ата шаарынын мэри А.Т.Жумаевдин сунушу эске алынсын.
Кочкор-Ата шаарында кайрымдуулук фондун ачуу жана уюштуруу, фондко түшкөн кирешелерди (азык-түлүк, акча каражаты ж.б) шаар мэриясы тарабынан түзүлүүчү комиссия курамына, шаардык Кеңештин аппаратынан жана депутаттарынан кошулсун.
Кайрымдуулук фондуна түшкөн кирешелерди шаар аймагында жашаган аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, кароосуз калган карыяларга, УАМСтын жесирлерине, тоголок жетимдерге, төшөктө жаткан ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жеткерип берүү жумуштары, түзүлүүчү комиссия курамына жүктөлсүн.
Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаар мэриясынын вице-мэри Немат уулу Жайнака милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү шаардык Кеңештин « Бюджет, каржы-экономика, салык, инвестиция тартуу маселелери боюнча » жана « Социалдык, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият, спорт жана дин маселелери боюнча » туруктуу комиссияларына жүктөлсун.
Төраганын милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |