Загрузка документа…
КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2020-жылдын 22-марты № 01-5/227
Шаар мэриясынын кайрылуусун кароо жөнүндө
Кочкор-Ата шаардык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз ХХIVсессиясы, шаар мэриясынын 2020-жылдын 10-мартындагы №01-36/405 сандуу кайрылуусуна, шаардык Кеңештин «Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча » жана « Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча » туруктуу комиссияларынын берген корутундусун угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2020-жылдын 10-мартындагы №01-36/405 сандуу кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин « Муниципалдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» жана « Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча » туруктуу комиссияларынын берген корутундусу эске алынсын.
3. Кочкор-Ата шаарынын Пионер көчөсүндөгү 1200 м2 жерди, шаар мэриясынын балансына 1440 000 (бир миллион төрт жүз кырк миң) сомго сатып алууга уруксат берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылууну шаардын мэри А.Т.Жумаевге жана каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы Ж.Мамбеткуловага милдеттендирилсин.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин «Муници-палдык менчик, жер, өнөр жай, курулуш, транспорт жана энергетика маселелери боюнча» жана « Мыйзамдуулук, укук тартиби, депутаттык иш, Регламент, этика жана коррупцияга каршы күрөшүү маселелери боюнча » туруктуу комиссияларына жүктөлсүн.
Төраганыны милдетин аткаруучу | Я.Т.Абдурахманов |