Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майындагы №26/1
Айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын I курултайынын чечимдерин аткаруу боюнча соода түйүндөрү тарабынан аткарылып жаткан иштер жөнүндө.
Айылдык кеңештин «Социалдык « маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы А.Мырзамамытованын маалымдамасын угуп жана талкуулап, ошондой эле туруктуу комиссиянын 2019-жылдын 29-майындагы отурумунун протоколуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айылдык кеңешинин «Социалдык « маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-майындагы токтому көнүлгө алынсын.
2. Айылдык кеңештин «Социалдык « маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 29-майындагы протоколунда белгиленген сунуштар жана көрсөтмөлөр Авлетим айыл өкмөтүнүн жетекчилиги (башчысы Н.Абдыраманов)тарабынан аткарууга алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айылдык кеңештин «Социалдык « маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (А. Мырзамамытова) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |