Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 30-майы № 26/8
«Мекемени каттоо жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңештеринин депутаттарын шайлоо жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Кеңешинин депутаттарынын статусу жөнүндө” жана Кыргыз Республикасынын “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндөгү” мыйзамдарынын негизинде, Авлетим айылдык Кенешинин Регламентин талкуулоонун негизинде, Авлетим айылдык кеңешинин 26- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Авлетим айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн (мындан ары мекеме).
Мекеменин толук фирмалык аталышы:
Мамлекеттик тилде: “Авлетим айыл аймагынын Айылдык Кеңеши” мекемеси.
Расмий тилде: Учреждение “Айылный Кенеш” Авлетимского айылного аймака.
2. Мекеменин юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Жалал-Абад облусу, Аксы району, Авлетим айылы, Ы.Стамкулов көчөсү № 53.
3. Авлетим айылдык Кеңешинин Регламенти бекитилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Юридикалык жакты түзүү жөнүндө уюштуруучунун (уюштуруучулардын) чечиминде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын аныктыгын жана мыйзамда белгиленген учурларда юридикалык жакты түзүү мекемелери тиешелүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылсын.
Төрага | А.Шырдаков |