Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №27/1
Авлетим айыл аймагынын иш жүзүндөгү чек арасындагы жер фондусунун инвентаризациялоонун жыйынтыгын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №144 –токтомунун негизинде Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш, өнөр жай жана мелиорация министирлигинин “Кыргыз мамлекеттик жер долбоорлоо” институтуна караштуу Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан аткарылган иштердин жыйынтыгын кароо боюнча күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 03.03.2014-жылдагы “Кыргыз Республикасынын жер фондусун инвентаризациялоо жөнүндөгү” №144 –токтомунун негизинде, Жалал-Абад областык жерге жайгаштыруу экспедициясынын адистери тарабынан жүргүзүлгөн Авлетим айыл аймагынын жер фондусунун инвентаризациялоонун иштеринин жыйынтыгы жактырылсын.
2. Аксы райондук мамлекеттик адмнистрациясынын алдында түзүлгөн комиссия курамынан Авлетим айыл аймагынын жер балансын ушул токтомдун негизинде кабыл алып, тийиштүү чечим чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Айыл чарбасы жана экология” маселелери боюнча туруктуу комиссия (Төлөбаев А А) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |