Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №27/2
«Көчөгө ат коюу жөнүндө»
Авлетим айылдык кеңешинин « Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 25-июнундагы корутундусуна ылайык, сессия
токтом кылат:
1. Авлетим айыл аймагынын Мукур айылынын Кербен-Авлетим багытындагы жолдун 18-километринен түндүк батышты карай кеткен аты жок туюк көчөгө Калматов Апсамат ажынын ысымы берилсин.
2. Авлетим айыл өкмөтү бул токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш кагаздарынын маалымат базасын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы №160 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө» жобонун 25-пунктуна ылайык, тиешелүү өзгөртүү киргизүү боюнча каттоого алуу маселесин кароо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын кадастр жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо департаментинин 23.11.2017-жылдагы №1-11/3666 сандагы катынын негизинде 2020-жылдан тартып аткарууга алуу Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом w.w.w avletim. Aksy.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |