Загрузка документа…
АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕНЕШ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-июну №27/4
«Ардактуу жаран» наамдарын ыйгаруу жөнүндө
Авлетим айылдык кеңешинин « Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2019-жылдын 25-июнундагы корутундусуна ылайык жана Авлетим айылдык аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставынын 31.2-беренесинин негизинде, сессия
токтом кылат:
1. «Авлетим айылдык аймагынын ардактуу жараны» наамы төмөндөгүлөргө ыйгарылсын:
- Нышанов Тургуналы Матыевичке – Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы, ардагер врач;
- Бөрүкулов Жанызакка- эмгек ардагери;
- Соорбеков Казымбекке- эмгек ардагери;
- Сатыбеков Назаркул ажы Кулбаевичке - эмгек ардагери;
- Кадыров Алмазбек Маматжановичке – Аксы району боюнча жол кыймылынын коопсуздугу кызматынын жетекчиси.
2. «Ардактуу жаран» наамын тастыктоочу күбөлүк-баракчаларды жана «Ардактуу жаран» деген жазуусу бар тасмаларды даярдап, наам ыйгарылган жарандарга тапшырууну уюштуруу айыл өкмөтүнүн башчысы Н.А.Абдырамановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Укук, мыйзам жана этика» маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (К.Жолдошов) жүктөлсүн.
Төрага | А.Шырдаков |